Египеттеги 3500 жыл мурунку күмбөздүн табылгалары. Жеринен алынган видео

Жазылуу
Археологдор Луксор шаарынан Байыркы Египет учурундагы күмбөздү табышты. Адистерин айтымында, бул жерге 3 500 жыл мурун фараондордун 18-династиясынын тушунда жашаган зергер үй-бүлөсү менен көмүлгөн. Бул туурасында Associated Press агенттиги билдирди.

Байыркы Египет боюнча министр Халед аль-Аннани күмбөздүн учурдагы шарттары жакшы эмес экенин айткан. Ошентсе да ал жерде бир нече мумиялар, статуя, зергер, анын аялы менен баласынын сөөгү жана көргө көмүүчү буюмдар сакталып калган. Мындан сырткары, археологдор бул көрүстөн кийинчерээк да колдонулганын аныктаган. Анткени ал жерден 21-22-династиясы учурунда жашагандардын да сөөгү табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0