Катуу келе жаткан жол тандабас маршрутканы кагып салды. Кырсыктын видеосу

Жазылуу
Күбөнүн айтымында, Toyota Hilux Surf автоунаасынын айдоочусу кызыл жарыкка карабай катуу ылдамдык менен келип маршрутканы сүзгөн

Ошто жол тандабас менен маршрутка кагышканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгы 5-сентябрда болжол менен саат 15:00дөр чамасында Калинин жана Интернационал көчөлөрүнүн кесилишинде болуп, Toyota Hilux Surf автоунаасы менен №116 маршрутка кагышкан.

"Жол тандабастын айдоочусу кызыл жарыкка карабай катуу ылдамдык менен келип маршрутканы какты. Айдоочусу мас экен. Анын артынан келген башка машинадан кишилер чыгып, мас айдоочунун ордуна соосун отургузуп коюшту. Аны көргөндөр бар. Жол кырсыгына күнөөлүү болгон кишини достору алып кетти", — деди күбө.

Оштун милициясы жол кырсыгы болгонун тастыктап, окуя болгон жерден үч киши ооруканага жеткирилгенин маалымдашты. Бактыга жараша, эч ким каза болгон эмес. Учурда кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0