23:55 19 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Видео

Башкаларга "ГАИ бар" деп белги берген айдоочуга милиция чакыртышты

Кыскача шилтеме алуу
2447 0 0
© Sputnik / Актан Темирканов

Бишкекте жолдо жүрүү эрежелерин бузган Атай аттуу жаранга айып пул салынган. Ал жол тыгын учурунда Кайгуул милициясынын кызматкерлери бактын арасына жашырынып алып рулдагыларды тоскону туура эмес деп эсептегендиктен, ушундай кадамга барган.

Ал колунда болгон кагаз, калеми менен "ГАИ" деп жазып алып, каршыда келе жаткан башка айдоочуларды жол сакчыларынын "кооптуулугунан коргогон". Окуя Бишкектин Москва көчөсүндө болгон. Анын мындай кадамы рулдагылардын көбүнүн ичин жылыткан. Бир катарлары колун көтөрүп, саламдашып өтүп кетсе, ал тургай бирөө автоунаасынын түшүп барып, суусундук карматкан.

Кайгуул кызматынын инспектору кишиге басып келгенде, ал Жол кыймылынын эрежелеринин алдын алганына ыраазылык билдирген.

Бир нече мүнөттөн кийин милиция келген. Аларга ким арызданганын айта алган эмес. Тартип сактоочулар колуна жазууну көтөрүп алып турган эркек киши башкаларга тоскоол болуп жаткандыгын айтып, анын жолдон кетишин суранышкан.

Мындай окуянын себепкери болгон Кайгуул милициясы автоунаасы менен турган жерден жок болушкан.

Тема боюнча

Сапар Исаков Кайгуул милициясынын ишин өзгөртмөй болду
Тракторун "зебрага" коюп түштөнүүгө кеткен бишкектик жарандын видеосу
Көзүңдү кара! Телефонго тигилген адамдардын жолдон өткөн "кербези"
Белгилер:
жол эрежеси, милиция, Кайгуул милициясы, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ