Кыргызстандык кыздар Норвегиянын көчөлөрүндө кара жорго бийледи

Жазылуу
Норвегиянын борбору Осло шаарында көчө футболу боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Алардын арасында Кыргызстандын кыздар курама командасы бар.

Ал жакта жүргөн улукттук курама команданын кыз-келиндери Кыргызстандын көз карандысыздык күнүн кара жорго бийин бийлөө менен өткөрүштү. Бул видеону Youtube тармагына Evgeni Dyakonov атту колдонуучу жүктөгөн.

Башында улуттук команданын бир мүчөсү "бүгүн бизде чоң майрам болуп жатат, ал — Кыргызстандын эгемендүүлүктү алган күнү" деп айтты. Анан кыздар кара жорго бийин бийлеп киришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0