Атамбаев: эгер апам мени окууга жибербегенде айылда сугатчы болмокмун

Жазылуу
Бүгүн өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Чоң-Таш айылына барып Сүймөнкул Чокморов атындагы мектептин ачылышына катышты

Өлкө башчы окуучулардын ушул мекетептен татыктуу билим алып чыгуусун каалап, өзүнүн жаштык кези тууралуу да кеп салды.

"Мен төрөлгөндө атам 60ка, апам 45 жашка чыгып калган эле. Мектепти бүткөндөн кийин атам "кичүү уулум Алмаз жаныбызда болсун, окутпай эле коёлу" дегенде апам ага макул болбой окууга жиберген. Мен да жашымда штанга көтөрүп, бокс, күрөшкө кызыгып жүргөндө апам "билектүү бирди жыгат, билимдүү миңди жыгат" деп кулагыма куюп атып окуткан. Ал убакта чөп чапканга, багбанчылыкка, эгин сугарганга кызыкчумун, эгер окубай калсам сугатчы болмокмун", — деди Атамбаев.

Ошондой эле ал энеси да Чоң-Таштан болгонун айтып, ушундай апаны берген айылга рахматын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0