Казак машыктыруучусу: көкпар финалында кыргыз жеңсе да, казак жеңсе да кубанабыз

Жазылуу
Астанада "ЭКСПО-2017" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында түрк элинин салттык спортуна кирген "көкпар" (көк бөрү) оюну боюнча дүйнө чемпионатынын бешинчи күнү жыйынтыкталды. Оюнга 11 өлкө катышып, Кыргызстан менен Казакстандын командалары финалга чыкты. Эки өлкөнүн беттеши жекшемби күнү болмокчу.

Казакстандык улакчы Александр Пупенко - Sputnik Кыргызстан
Казак улакчысы: кыргыздардан чемпион статусун кайтарып алуу үчүн 3 ай даярдандык
Казактардын көкпар оюну көк бөрүдөн айырмаланып улактын ордуна муляж тартылат. Тайказан жок, улак диаметри 3 метр болгон тегерек чийинге ташталат. Оюн талаасынын узундугу 220, туурасы 70 метр. Оюн үч эмес, 20 мүнөттүк эки бөлүктөн турат. Ошондой эле аттардын арткы туяктарына така кагылбайт.

Казакстандын улуттук оюндары боюнча мамлекеттик машыктыруучусу Рамазан Саттыбаев көк бөрүгө жаңы эрежелерди киргизүү менен дүйнөлүк аренага чыгууга жол ачыларын айтат.

"Оюндар жакшы өтүп жатат. Эң башкысы — спортчулар жаракат алган жок. Мисалы, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Казакстан менен Кыргызстан бетешип жатканда адам өлүп кала жаздады. Биздин оюнчубуз бир суткага жакын реанимацияда жатып өзүнө келген. Учурда анын абалы жакшы. Бул оюн футбол же баскетбол эмес, мында адам ат үстүндө жүрөт. Ушунун баары күндөлүк эрежелерге толуктоолорду киргизүүгө себепкер болду", — деди Саттыбаев.

Ошондой эле ал Көк бөрүнүн өнүгүшүнө жана деңгээлинин жогорулашына кыргыз-казак элинин салымы зор экенин белгилеп өттү.

Астанада кыргыз улакчыларынын аттары кармалган сарайдын шарты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Астанада кыргыз улакчыларынын аттары кармалган сарайдын шарты. Видео
"Кудай буюрса, эртең күчтүү делген командалар финалда ойношот. Албетте, спортто кызуу кандуулук, жеңишке болгон куштарлык күч болот. Бирок спорттун артын жаман нерсеге айлантпоо керек. Күйөрмандар тек гана спортчуларга дем-күч берип колдоп турарына тилектешпиз. Биз казак жеңсе да, кыргыз жеңсе да кубанабыз. Аткени эки команда тең көкпар спортунун жаркыраган жылдыздары", — деди машыктыруучу.

Ал эми Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Жыргалбек Саматов күйөрмандарды тартипти сактоого чакырды.

"Ушул оюн эки элдин ортосуна ажырымды эмес, ынтымакты алып келсин деп тилек кылам. Ошону мен бирге келген күйөрмандарды өзү жактырган командасын колдоого жана тартипти сактоого чакырам. Финалда эрежелер так сакталып калыстык менен өтө турган болсо биз жеңишке жетебиз", — деди Саматов.

Көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатынын байге фондусу 18 миллион теңге (3,7 миллион сом). Үчүнчү орунга 2 миллион теңге (413 миң сом), экинчи орунга 5 миллион теңге (1 миллион 34 миң сом) коюлган. Ал эми баш байгени багындыргандар 10 миллион теңгеге (2 миллион 68 миң сом) ээ болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0