Түндүктөн түшкөн уурулар. Казакстанда кылмышкерлер банкты тоноп кетишти

Жазылуу
Эки кылмышкер кудум голливуд киносундагыдай эле ыкма менен бастырып киришкен

Служба в ГУГССО - Sputnik Кыргызстан
ШИИБ: Бишкекте "ЭкоИсламикБанктын" филиалы тонолду
Талгар шаарындагы банктардын бирин уурулар чатырдан кирип тоноп кетишкенин Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Видеодо көрүнгөндөй уурулар кызматкерлер отурган имараттын шыбынан жип шаты менен түшүп, алардын колун байлап, кассадагы акчаны алып кеткен.

Кол салуу болгон учурда банкта кардарлар болгон эмес. Банктын кызматкерлери окуя тууралуу укук коргоо органдарына дароо кабар беришкен. Азыр мекеменин коопсуздук кызматы укук коргоо органдары менен тыгыз иштеп, кылмышкерлер изделүүдө. Келтирилген чыгым дагы такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0