Астанада намыс талашып жаткан кыргыз улакчылары оюндан кийин. Видео

Жазылуу
Бүгүн, 22-августта, Астанада көк бөрү боюнча өтүп жаткан дүйнө чемпионатында өзбек улакчылары менен кез келген Кыргызстандын командасы 11:2 эсеби менен жеңишти камсыздады. Ал эми мелдештин биринчи күнүндө Монголия менен беттешке чыгып, 4:0 эсебинде утуп алган.

Оюн бүткөндөн кийин кыргыз көк бөрүчүлөрү менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.

Кыргызстан курама командасынын жетекчиси Талас Бегалиев күтүлгөн нерселер ишке ашып жатканын белгилейт.

"Балдар өз ишин толук кандуу жасап жатышат. Бүгүнкү жеңишти өзүңүздөр көрдүңүздөр, керемет оюн болду. Мындай оюнду көрүп эс алса болот. Биздин улакчылар алмак-салмак улак таштап жатышты. Кыргыз элине мындай сүйүнүчтү тарттуулоо биз үчүн сыймык", — деди Бегалиев.

Эч кимге моюн бербегиле! Кыргыз улакчыларын шыктандырган видео - Sputnik Кыргызстан
"Эч кимге моюн бербегиле!" Кыргыз улакчыларын шыктандырган видео
Ошол эле учурда улуттук курамдын мүчөсү Карыпбек Эшиев колдоочулардын сүрөөнү жакшы дем берип жатканын белгилейт.

"Бул мелдешке эки ай даярдандык. Өкмөттүн жардамы менен балдардын тамак-ашы, аттардын жем-чөбү жакшы камсыздалды. Бул жакта бизди колдоп келген күйөрмандар көп экенин сезип жатабыз. Ошондой эле жакшы дух берип жаткан кыргыз элине да чоң рахмат!" — деди Эшиев.

Ал эми дагы бир оюнчу Сейитбек Анарбек уулу бүгүнкү оюн кечээкиге салыштырмалуу жеңил болгонун айтат.

"Монголия менен Өзбекстандын айырмасы өтө эле чоң болду. Анткени Монголиянын командасында жалаң казак улакчылары, Өзбекстандын командасында өзүнүн жарандары оюнга чыккан", — деди улакчы.

Эртең улуттук команда түрк улакчылары менен саат 11.00дө оюн талаасына чыгат.

Мелдештин биринчи күнүндө ойногон командалардын жыйынтыгы төмөндөгүдөй болгон:

  • Кыргызстан — Монголия: 4:0
  • Казакстан — Афганистан: 9:2
  • Өзбекстан — Тажикстан: 3:1
  • Түркия — Америка: 3:1
  • Россия — Венгрия: 7:1
  • Азербайжан — Кытай: Азербайжан оюнга катышпай калганы үчүн Кытай автоматтык түрдө жеңүүчү деп табылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0