Бишкек — Ош жолунда жүк ташуучу DAF оодарылып, мазут Суусамыр суусуна төгүлдү

Жазылуу
Кырсыктан бир жүргүнчү жабыркап, Кара-Балта шаарындагы ооруканага жактырылган

Бишкек — Ош жолунда мазут ташып бара жаткан DAF үлгүсүндөгү унаа оодарылып, андагы мазут жолго жана Суусамыр суусуна төгүлгөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 15-август күнү аталган унаа жолдун 200-чакырымында болгон.

"Кырсыктан бир жүргүнчү жабыркап, Кара-Балта шаарындагы ооруканага жактырылган. Ал эми унаанын айдоочусу жабыр тарткан эмес", — деп жазылат билдирүүдө.

Ал эми ӨКМ тарабынан Суусамыр айыл өкмөтүнө сууга мазут төгүлгөнү билдирилип, элге эскертүү айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0