Despacito ырын жада калса иттер да сүйүп угууда. Видео

Жазылуу
Латын америкалык Despacito ыры дүйнө жүзү боюнча популярдуу болууда. Ал чыгарманы адамдар гана сүйүп укпастан, үй жаныбарлары дагы жактырат.

Facebook социалдык тармагына өзгөчө видео тарады. Анда иттин ээси аталган ырды сыналгы аркылуу үй жаныбарына коюп берип, кийин токтотуп коет. Ошондо ал эки бутуна тик тура калып, кайра-кайра үрүп, чыгарманын улануусун сурангандай белги берет.

Луиса Фонси менен Дэдди Янкинин Despacito ырынын клиби бир нече рекордду жаңыртты, аны интернет колдонуучулар үч миллиард жолу көргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0