Альпы: кыйналган альпинистти жаңы эле бортуна салган тик учак чачырап кетти. Видео

Жазылуу
Тик учак жерде калган куткаруучуну чокусундагы айланган темири менен аз жерден илип кетип, өлтүрүп ала жаздаган

Куткаруучу тик учак абалы начарлаган альпинистти куткарам деп чачырап кетти. Бул туурасында РИА Новости Daily Telegraph басылмасына таянып жазды.

Кыргыз аскерлери Ала-Арчадан россиялык альпинистти аман алып калышты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз аскерлери Ала-Арчадан россиялык альпинистти аман алып калышты. Видео
Окуя Альпыда Гросглокнер тоосунун аймагында болгон.

Кырсыкты коңшу чокуда аскага чыгып бара жаткандар тартып алышкан. Видеодо асканын жайык жерине конгон учкуч альпинистти салгандан кийин тең салмагын жоготуп, бир аз көтөрүлүп, калдаңдап барып, жерге сайылган. Тик учак жерде калган куткаруучуну чокусундагы айланган темири менен аз жерден илип кетип, өлтүрүп ала жаздаган.

Тик учактын тоонун кырынан ары кулап кетпей жайык жерге тийгендиктен, ичиндеги кишилердин өмүрүнө катуу зыян келген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0