Бишкекте кагышкан эки унаанын бири үйдүн короосуна кирип кетти. Күбөнүн видеосу

Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча жол кырсыгынан үч адам жаракат алган

Жулкулдатпа, ары-бери сүйрөбө! Унаа каккан адамга алгачкы жардамды көрсөтүү - Sputnik Кыргызстан
"Сулууну автоунаа кагып кетти". Биринчи жардамды кантип көрсөтүш керек
Арча-Бешик конушунда жол кырсыгы катталып, эки унаа кагышканын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Анын айтымында, окуя 28-июлга караган түнү катталган. Эки машина көчөлөрдүн кесилишкен жеринен кагышып, бири соккудан улам жол жээгиндеги турак жайдын дарбазасын талкалап ичине кирип кеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча жол кырсыгынан үч адам жаракат алган.

Кырсыкты Бишкектин Кайгуул милиция башкармалыгы териштирип жатат.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0