15:34 09 Теке 2020
Түз эфир
  • USD78.0266
  • EUR88.0062
  • RUB1.0953
Видео

Тракторун "зебрага" коюп түштөнүүгө кеткен бишкектик жарандын видеосу

Кыскача шилтеме алуу
504 0 0
© Sputnik / Эмиль Садыров

Муниципалдык кызматтын өкүлүнүн мындай жоругу тууралуу Бишкек мэриясы менен "Зеленстрой" ишканасына маалымат берилди

"Зеленстрой" ишканасынын кызматкери Бишкектин чок ортосундагы жөө адамдар өтө турган чийинге тракторун таштап, түштөнүүгө кетип калган.

Кызматкер суу ташыган тракторду 12.30дар чамасында Чүй менен Эркиндик көчөлөрү кесилишкен жол чийинге таштаган.

Бишкекте Lexus үлгүсүндөгү унаа жолдун каршы тилкесине чыгып, тыгын жаратты
© фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жерине барганда, өсүмдүктөрдү сугаруу иштери бүткөнү менен трактордун айдоочусу салондо жок болгон. Ал эми жакын жерде турган "Зеленстрой" ишканасынын кызматкери айдоочу түштөнүүгө кеткенин билдирген.

Видеодо көрүнүп тургандай, жөө адамдар тракторду унаа жүргөн жол менен айланып өтүп жатышканын көрүүгө болот. Муну менен катар трактор айдоочуларга дагы жолтоо болгон. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы дагы тракторду айланып өтүп жатканда, аны унаа коюп кете жаздаган.

Бишкек шаардык Кайгуул милиция башкармалыгы жол эрежесин бузган жаранга карата чара көрүлөрүн билдирди.

Айдоочу саат 13.15де, 45 мүнөт өткөндөн кийин келген. Ага сугаруу иштеринен кийин эмнеге тракторун жолдон алып койбогону тууралуу суроо узатылганда так жооп кайтарбастан, кетип калган. 

Бул окуя боюнча Бишкек мэриясы менен "Зеленстрой" ишканасына маалымат берилди.

Тема боюнча

"Сулууну автоунаа кагып кетти". Биринчи жардамды кантип көрсөтүш керек
Ысык-Көлгө кеткен жолдо 68 жаштагы киши автокырсыкка кабылып каза тапты
Белгилер:
трактор, милиция, "Зеленстрой" ишканасы

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ