Шри-Ланкада толкун тартып кеткен пилдер 12 саатта араң куткарылды. Видео

Жазылуу
Пилдин балдары Коккилай жайык суусунда турганда толкун чоң деңизге тартып кеткен.

Зоопарктагы пилдин баласы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сеулда сууга түшүп кеткен пилдин баласын чоңдору чогулуп сактап калышты
Шри-Ланканын деңиздеги аскер күчтөрү сууга чөгүп бара жаткан пилдин эки баласын куткарып калышты. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Пилдин балдары Коккилай жайык суусунда турганда толкун чоң деңизге тартып кеткен. Алар жээктен бир чакырым алыстап кетип, куткаруу операциясы 12 саатка созулган. Операциянын жүрүшүндө суучулдар аларды жип менен байлап жээкке тартып чыгышкан. Жаныбарлардын ден соолугуна зыян келтирилген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0