Лондондо Porsche айдоочусун тыгында турган жеринен тоноп кетишти

Жазылуу
Окуя артта турган унаанын видеокаттагычына тартылып калган

Лондондо мопед минген төрт киши тыгында турган Porsche унаасынын айдоочусун тоноп кетишти. Бул тууралуу РИА Новости Daily Mail басылмасына таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя 6-июль күнү болгон.

Социалдык тармакка чыккан видеодон мопедчен адамдар Porsche унаасынын айдоочусун коркутуп, тоноп жатканын көрүүгө болот.

Полиция кызматы кылмышкерлерди издөө иштери башталгандыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0