"Ак-Кеменин" эшигин кантип сындырышты. Мейманкана кызматкери тартып алган видео

Жазылуу
Борбор калаадагы "Ак-Кеме" мейманканасы таң эртеңден тарта курчоого алынган.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. "Ак-Кеме" мейманканасы таң эртеңден тарта курчоого алынгандан кийин белгисиз адамдар имараттын эшигин темир таяк менен сындырды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга мейманкана администратору Сүйүн Сапаев билдирди.

Борбор калаадагы мейманкана бүгүн таңкы саат алтыда милиция тарабынан курчоого алынган.

"Эртең менен дарбазалар жабык болучу. Белгисиз адамдар андан секирип кирип, имаратка келишти. Айнек эшиктерди талкалашты. Алардын бир катарлары өздөрүн УКМКдан келдик дегени менен күбөлүктөрүн көрсөткөн жок. Кызматкерлерди көчөгө чыгарып салышты", — деди ал.

Учурда Маммүлк фондусунун кызматкерлери менен тартип сактоо кызматкерлери жүрөт.

Азыр ал жерде эмне болуп жаткандыгын Sputnik Кыргызстандын түз алып көрсөтүүсүнөн маалымдар боло аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0