Жамгыр алдындагы оркестр. Атамбаевди Кремль өзгөчө салтанат менен тосуп алды

Жазылуу
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев мамлекеттик иш сапары менен 19-июнда Россияга барды.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Россия мамлекет башчысы Владимир Путин менен бейрасмий жолугушту - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен дасторкон үстүндө жолукту
Аэрпорттон өлкө башчысын Ардак кароол тосуп алып, оркестрдин коштоосунда эки өлкөнүн гимни жаңырды.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Россия президенти Владимир Путин, өкмөттүн төрагасы Дмитрий Медведев, ошондой эле Башкыртстандын башчысы Рустэм Хамитов жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушат.

Атамбаевдин сапарынын учурунда Кыргызстандын Россиядагы маданият күндөрү өткөрүлөт. Мындан тышкары, бир катар документтерге кол коюу болжолдонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0