Комузга салынган "Калинка" менен "Лезгинка", сайраган "Таң булбулу"

Жазылуу
Үч улуттун элдик чыгармасы комуз үнү менен жаңырды. Анда "Таң булбулу" күүсү чертилип, аны менен бирге орус элинин "Калинка", кавказдыкдардын "Лезгинкасы" комуздун ыргагына түшүрүлгөн. Өнөр ээлери Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган чыгармаларды тоо койнунда аткарып беришти.

Комузчулар Жумамүдүн Шералиев атындагы балдардын искусство мектебинде окушат. Алардын жетекчи мугалими Эмилбек Эсеналиевдин айтымында, бул чыгарманын жаралуу тарыхы союз убагына барып такалат.

"Бул чыгарма СССР учурунда попури болуп жаралып кеңири ойнолуп келген. Алгачкылардан болуп "Камбаркан" ансамбли аткарып чыккан. Бирок кийинчерээк союз тарагандан кийин унутта калып кеткен болчу. Жыл башынан бери ушул чыгарманы кайрадан алып чыгууга окуучуларымды даярдап үч айга чукул иштедик. Ал эми түп нускасы Алтын фонддо сакталуу", — деди Эсеналиев.

Ошондой эле ал чыгарма улуттар аралык ынтымакты чыңдоо максатында "Достук кечи" деп аталганын кошумчалады.

Бул эмгегин алгачкы жолу алып чыгып, Бишкек шаарындагы музыкалык мектептер арасында өткөрүлгөн сынакта баш байгеге ээ болушкан.

Кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарынын кандай үн чыгаарын Sputnik Кыргызстан инфографикасынан угуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0