Чек ара формалдуу гана болушу керек. Атамбаев менен Мирзиёевдин жолугушуусу

Жазылуу
Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Алмазбек Атамбаев жана Шавкат Мирзиёев ШКУ саммитинин алкагында жолугушту.

Мирзиёев ар бир жолугушуу жемиштүү берип жатканын баса белгиледи.

"Бүгүнкү көрүнүш эки өлкөнүн бардык тармактагы мамилелери өнүгүп жатканынан кабар берет. Эки өлкөнүн ортосундагы товар айлантуунун көлөмү жогорулап, чек арадагы аймактардын алакасы жакшырууда. Сиз менен кайсы жерден жолукпайлы, алдыга жылуу үчүн бүт аракетибизди жумшап жатабыз", — деди Мирзиёев.

Ал кыргызстандык кесиптешин Өзбекстанга келип кетүүгө чакырды.

Рабочий визит президента РФ В. Путина в Казахстан. День второй - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев ШКУ банкын түзүүнү жана анын Бишкекте жайгашуусун талап кылды
"Эң башкысы — биздин ортобузда чек ара болбошу керек, алар ачык болушу зарыл", — деди ал.

Атамбаев чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-өзбек мамилелерин бекемдөөгө биргеликте иш алып барууга даяр экенин айтты. Муну менен бирге эки өлкөнүн ортосундагы чек ара формалдуу гана болушу керектигине токтолду.

Мамлекет башчылары тийиштүү органдарга кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча келишимге кол коюу процедурасын тездетүүнү тапшырышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0