Бишкектик инспектор эмнеге нөшөргө карабай жол кыймылын жөнгө салганын айтып берди

Жазылуу
Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясынын кенже инспектору Азим Асанов жол чырак иштебей калгандыктан нөшөрлөгөн жаанга карабай жол кыймылын жөнгө салып турган. Бул туурасында Бишкек Кайгуул милициясы Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда катуу жааган жамгырга карабастан жолдун кесилишине туруп алып, автоунаа кыймылын жөнгө салып жаткан Кайгуул милиция кызматкеринин видеосу тараган

Асановдун айтымында, окуя 6-июнь күнү Ахунбаев менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ал жамгырга карабай 40 мүнөт жол кыймылын башкарып турган.

"Бул менен милдетим. Болгону өз кызматымды аткардым десем болот. Бизге аталган аймакта жол чырак иштебей жол кыймылынын башаламандыгы жаралганы туурасында маалымат түшкөн. Анан кесиптешим экөөбүз бара жатканда катуу жамгыр башталды", — деди Асанов.

Инспектор жол кыймылын жөнгө салган жерде кортеж өткөрүү үчүн турбаганын билдирди.

Ал эми кызматтык даражасы көтөрүлүп же көтөрүлбөсү азырынча белгисиз экенин айтып, ден соолугу да жакшы экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0