Шри-Ланканын тургундары узундугу 5 метрден ашкан крокодил таап алышты

Жазылуу
Шри-Ланканын Тибботувава айылынын жашоочулары узундугу беш метрден ашуун крокодил таап алышкан. Видеодон крокодилди куткаруу аракеттери жүрүп жатканын көрүүгө болот.

Жергиликтүү тургундар крокодилди байлоо үчүн эки сааттай убакыт сарпташкан. Жаныбар жапайы жаратылышты коргоо боюнча адистерге өткөрүп берилген.

Ruptly агенттиги билдиргендей, крокодил Шри-Ланкада катуу жааган жамгырдан кийинки жүргөн сел менен агып келип кургакка чыгып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0