Атамбаев: КР армиясынын мекенди душмандан коргоп калууга кудурети жетет

Жазылуу
Өлкө башчы армияда кызмат өтөгөн жана өтөп жаткан эр жүрөк жигиттерге рахмат айтып, деги эле КР куралдуу күчтөрдө кызмат кылгандарды куттуктады.

Президент Алмазбек Атамбаев акыркы беш жылда Куралдуу күчтөрү саны жагынан да, сапаты жагынан да толугу менен өзгөргөнүн белгиледи.

"Мурда Куралдуу күчтөр ар кимге баш ийип, ар кайсы жакка соройгон бармактарга окшосо, эми бир жерден башкарылып, бир муштум болду. Армиябыз чакан бойдон калды. Бирок эми саны да, сапаты да мекенибизди ар кандай душмандан коргоп калуу үчүн жетиштүү", — деди ал.

Атамбаев Кыргызстан дос мамлекеттердин жардамы аркасында армиясын заманбап курал-жарак менен толук камсыздаганын айтып, ал куралдар кол салуу үчүн эмес, коргонуу үчүн жетиштүү экенин баса белгиледи.

Андан сырткары, армияда кызмат өтөгөн жана өтөп жаткан эр жүрөк жигиттерге рахмат айтып, деги эле КР куралдуу күчтөрдө кызмат кылгандарды майрамы менен куттуктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0