Кыйынчылыкка карабай кыялына умтулган балет бийчилери

Жазылуу
Кыргызстанда профессионалдык балет бийчилерин жети жашынан баштап кабыл алып, аларды ушул багытта даярдаган жалгыз гана мектеп бар.

Күчтүү талап менен тандалган балдар гана мектептин босогосун аттап, кыялын ишке ашыра алат. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары дал ушул кичинекей балет бийчилери менен таанышып, алардын талантына баам салып келди.

Бардык эле каалоочулар балет бийчиси боло албай турганын айткан педагог-хореограф Ирина Исаева ага талыкпаган эмгек, талант, келбет жана күчтүү эрк талап кылынарын кошумчалады.

"Балет деле спорт сыяктуу. Күчтүү, эрктүү, таланттууларды жактырат. Бизде талап күчтүү болгондуктан айрымдары чыдабай башка мектепке которулуп кетет. Балдардын ар бир кыймылы менен иштейбиз. Максатыбыз профессионалдуу, мыкты балет бийчилерин эл алдына алып чыгуу ", — деди Исаева.

Мектеп жалпыга билим берүүчү окуу жай болгондуктан бул жакта балдар кадимкидей билим алып, бийге басымды көбүрөөк жасашат. 4-классты аяктаган соң Чолпонбек Базарбаев атындагы балет училищесине дароо которулуп, окуусун ошол жактан улантат.

Кичинекей балет бийчилери тууралуу толук маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0