Сыры кетсе да, сыны кетпеген өзгөчө стилдеги ГАЗ-51 автоунаасы

Жазылуу
Равшанбек Ахмедов балдарынын ар бирине өзү курап чыккан өзгөчө автоунааларды белек кылгысы келет.

Бишкек шаарынын тургуну Равшанбек Ахмедов колго өзгөчө Ретро-пикап үлгүсүндөгү автоунааны жасап чыкканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал бул машинаны балдары менен эки жылда курап чыкканын айтты.

"Ретромобилди биринчи жолу курап чыктым, эми бул акыркысы эмес деп ойлойм. Келечекте буюрса ар бир балама ушундай өзгөчө автоунааларды жасапберсем деген тилегим бар", — деди Ахмедов.

Машина ISUZU Bıghorn жол тандабасынын рамасында жасалып, үч литрлик дизель мотору менен иштейт. Кабинасы ГАЗ-51 машинасыныкы, калган тетиктери толугу менен колго жасалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0