Карышкырды карыштырып, көркөмү көз тайгылткан тайгандар. "Бурганак" жана "Илгир"

Жазылуу
Салбуурунчулар таптаган тайгандарды 350 метр аралыктан ат менен чаап сүйрөтүлгөн чырганы куудуруп жарыштырат. Бул көнүгүүдө тайгандардын жарышы алгачкы, жарым финалдык жана финалдык болуп бөлүнүп, күлүк тайгандар марага жүгүрүп келгенине жараша орун алат.

Sputnik агенттиги Кыргызстан боюнча мелдештерден эң көп байге уткан күлүк жана таза кандуу кыргыз тайгандарын сунуштайт.

Салбуурунчулар арасында Бакай-Ата районунун Ынтымак айылында жашаган Нурмамбет Ибраимовдун "Бурганак" аттуу тайганы эң күлүк болуп саналат.

"Бурганакты" ээси мындан эки жыл мурун үч жашында сатып алган. Ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жана башка республикалык турнирлерде байгелүү орундарды багындырып келүүдө.

"Биз көбүнчө күз-кыш мезгилдеринде аңчылыкка чыгабыз. Былтыркы сезондо "Бурганак" 20дан ашуун түлкү, эки чөө кармады. Ал эми ноябрь айында алгачкы жолу карышкыр алып берди. Тайгандар карышкыр алганда башка иттерге окшоп алышпайт. Ал чуркап барып арткы бутунан тиштеп тарамышын кыйганда карышкыр өзү эле эч жакка кете албай туруп берет", — деди тайган ээси.

Кыргызстандын эң чоң аргымагы. Миллион долларга берилбеген бир тонналык "Барон" - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын эң чоң аргымагы. Миллион долларга берилбеген бир тонналык "Барон"
Ибраимов тайгандарын көбүнчө кара ундан жасалган атала менен багып, этти чанда гана берет. Ал эми мелдештин алдында сүт берип ичин тазалап туруп, жарышка анан алып чыгарын белгилейт. Республикалык турнирлерде баш байгеге 15-20 миң сом коюлса, Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында экинчи орунду багындырып 80 миң сом уткан.

"Көчмөндөр оюндарында мелдешке чыгаардан бир күн мурун "Бурганактын" санын башка иттер тиштеп коюптур. Мунун айынан чабалыраак болуп марага экинчи келип калды. Мунун күчүктөрү 5000 сомдон жогору сатылат. Ал эми өзүн сатып алууга кызыккандар 100 миң сомго чейин сунуштаганда бербей койгом", — деди Ибраимов.

Тайгандар күлүктүгү менен эле сыналбай көргөзмө сынактарда көркөмдүүгү жагынан да бааланат. Бул жаатта Кыргызстан боюнча эң көп байгени Талас районунун Козу-Чак айылындагы Канат Тажикановдун "Илгир" аттуу тайганы уткан.

"Илгир" Чолпон-Атада өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында эки жолу баш байгени багындырып, башка республикалык фестивалдарда да алдына эч кимди салбай келе жатат.

"Эртең менен турганда эле тайгандарыма барып, тамак-аш берип, чуркатып эки-үч саат убакыт бөлөм. "Илгирди" күчүгүнөн чоңойтум, азыр үч жашта. Фестивалдарга бир жаштан өткөндөн кийин алып чыктым. Мунун башкарлардан өзгөчөлүгү — кулактары аябай чоң, чокулуу келип, көкүлү, жүндөрү парпайып, куйруктары кайрылып турат", — деди тайган ээси.

Тажикановдун айтымында, ал тайган багуу менен бала-чагынан бери эле алектенет, бул өнөр ага аталарынан калган. Ошондой эле ал мелдештерден 20-50 миң сомго чейин байге утарын кошумчалады.

Кыргызстандагы эң чоң ит. Миша Галустян арзып келген Аракет - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы эң чоң ит. Миша Галустян арзып келген "Аракет"
"Мындан башка дагы эки тайганым бар. Алардын таза кандуулугун сактоо үчүн башка иттерге жолотпой өтө сак карайбыз. Күнүнө үч жолу атала жасап берем. Ал эми этти кээ-кээде эле бериш керек, антпесе жакшы чуркай албай калат. Мунун күчүктөрүн бир койго алмаштырса, бир аз чоңоюп калгандарын 40 миң сомго саткам. Кээде дос, туугандарга жөн эле берген учурлар да болот. Чет өлкөлүктөр 20 миңден 50 миң долларга чейин алат экен деп уккам", — деди Тажиканов.

Салбуурунчулардын айтымында, кыргыз тайгандары 15-20 жыл жашап, 10 жылдан кийин ал-күчтөн тая баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0