Кыргызстандагы эң чоң ит. Миша Галустян арзып келген "Аракет"

Жазылуу
"Аракет" — Кыргызстандагы эң чоң бөрү басар ит болуп саналат. Анын салмагы 103 килограммга жетсе, бою 90 сантиметрди түзөт. Аны сатып алуу үчүн он миң доллар сунушташкан.

"Аракет" учурда 3,5 жашта. Ээси Турат Осмонкулов 28 жылдан бери ит багуу менен алектенет. Анын иттерин Казакстан, Россия өңдүү коңшу өлкөлөрдөн келип сатып алышат. Мындан үч жыл мурун россиялык шоумен Михаил Галустян атайын өзү келип эки күчүк алып кеткен.

© Фото / Айыма ОсмонкуловаРоссиялык шоумен Михаил Галустян атайын Кыргызстанга келип Турат Осмонкуловдон эки күчүк сатып алган
Хозяин волкодава Турат Осмонкулов и российский комик Михаил Галустян - Sputnik Кыргызстан
Россиялык шоумен Михаил Галустян атайын Кыргызстанга келип Турат Осмонкуловдон эки күчүк сатып алган

"Аракетти" күчүгүнөн баштап өзүм чоңойттум. Мунун аталары бир нече чемпиондук титулдарды жеңип жүргөн. Күнүгө эртең менен, кечинде үч чакырым аралыкка чуркатып машыктырам. Моюн, буттарын чыңоо үчүн беш килограммдык каргы тагып койгом. Негизи иттерди толуп жетилишин күтүп үч жаштан кийин урушка чыгарабыз. "Аракет" ушул жылдан тарта мелдештерге катыша баштайт", — деди Осмонкулов.

Короодогу мындан башка дагы тогуз иттин ар бири өзүнчө темир капаста багылат. Ээси чоң иттери 1000, күчүктөрү 200 доллардан жогору сатыларын белгиледи.

Кыргызстандын эң чоң аргымагы. Миллион долларга берилбеген бир тонналык "Барон" - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын эң чоң аргымагы. Миллион долларга берилбеген бир тонналык "Барон"
"Буга чейин башка иттерим менен республикалык, азиялык мелдештерге катышып бир топ байгеге жетишкем. "Аракетти" сатып алууга көбү кызыгып ар кандай баа сунуштаган учурлар болгон. Бир кытай жараны он миң долларга чейин сунуштаганда дагы бербей койгом. Ал эми Михаил Галустян өзү атайын үйүмө күчүк алып кетүүгө келгенде аябай таң калгам", — деди Осмонкулов.

Ал ит багууну бизнес эмес, хобби катары көрөрүн, ошондуктан алыс кете албай, негизги жумушуна айлантканын кошумчалады. Осмонкулов иттерине кафе-ресторандардан тамак-аштын калдыктарын алып келип, эки күн сайын ар бирине эки килограммдан эт берерин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0