Бишкекте атайын кызмат террорчуларды "жок кылды". ТЭЦтеги машыгуу

Жазылуу
Бишкектеги ТЭЦтин аймагында атайын машыгуулар өттү.

Реконструкция, көк тиреген түтүктөр. Бишкектеги ТЭЦтин асмандан көрүнүшү
Машыгууга Свердлов райондук 105-резервдик ротасынан 80 аскер катышканын "Электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Өздөрүнүн даярдыктарын ӨКМ, ИИМ, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет, УКМК жана Свердлов акимиаты биргеликте көрсөтүштү.

Бүгүн иш-чаранын жыйынтыктоочу күнү. Жоокерлер машыгуу учурунда стратегиялык маанилүү жерлерди кантип коргоо керектигин көрсөтүштү. Түзүлгөн сценарий боюнча Бишкектеги ТЭЦке террорчулар кол салган. Катышуучулар имараттагы жарандарды сыртка алып чыгып, өзгөчө кырдаалдын алдын алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0