Окуучуларды койдуруп кетүүгө шектелген айдоочу эмнеге качып кеткенин айтып берди

Жазылуу
Эки окуучуну сүзүп кетти деп шектелип жаткан жаран кырсык болгон жерден коркконунан качып кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып берди.

21-апрелде Бакаев менен Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинен Mercedes-Benz С-class үлгүсүндөгү унаа №74 мектептин 3-классынын эки окуучусун сүзүп, айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен. 

Шектелүүчү кырсык болгонго чейин аны Кайгуул милициясы кууп келе жаткан деген кептер чындыкка коошпой турганын айтты. 

"Мен балдарды койдуруп алгандан кийин аябай коркуп кеттим. Бир маалда өзүмө келсем унаамда отуруптурмун. Досума телефон чалып, сыра алып келишин өтүндүм. Андан кийин мени кармап алышты", — деди ал.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Унаа коюп кеткен эки окуучунун бири өзүнө келди
Кайгуул милициясынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери шектелүүчүнү шаардын батыш тарабынан колго түшүрүшкөн. Бишкек шаардык Кайгуул милициясынын издөө бөлүмүнүн жетекчиси Ажыбек Майназаровдун айтымында, ушул эле адам мындан эки жыл мурун адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгынын күнөөкөрү болушу дагы мүмкүн. 

"Мен аны дароо эле тааныдым. 2015-жылы бул адамды издөөгө катышкам. Анда бир адамды өлтүрө сүзгөн. Бирок каза болгон адамдын туугандары муну кечиришкен. Бул адам насыя алып, өлүмдүн бардык чыгымын көтөрүп берген. Азыр болсо насыядан кутулуш үчүн ошол эле адамдарга иштээри белгилүү болду", — деди Майназаров.

Аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0