Бишкектин борборунда жүк ташуучу унаа өрттөнүп кетти. Жеринен алынган видео

Жазылуу
Окуя Жибек Жолу проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде катталды.

Бишкектин борборунда жүк ташуучу бусик өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Анын айтымына караганда, окуя Жибек Жолу проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Ал эми ӨКМ өрт тууралуу маалымат 19.20да келип түшкөнүн маалымдады.

"Өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге 19.28де жетип барып, 19.36да өрт өчүрүлдү. Кырсыктан жабыркагандар менен каза болгондор жок", — деп маалымат кызматынан билдиришти.

Өрттүн чыгуу себептери аныкталып жатат. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат.

Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп, сүрөт, видео тартсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин 0706 566 544 WhatsApp номери аркылуу билдириңиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0