Бишкектин канализациясынын ичи асмандан кандай көрүнөт

Жазылуу
Дрон аэрация станциясынын үстүнөн учуп баратып кир суунун таза сууга айлануу процессин тартып алды.

Борбор калаанын түндүк тарабында жайгашкан аэрация станциясынын ордуна 67 футбол талаасын курууга болот. Бул завод асмандан бассейни бар аквапарк сымал көрүнөт. Булардын ар биринин өзүнүн функциясы бар.

"Бишкексууканал" ишканасынын Өндүрүш-эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчи орун басары Мурадин Сейдалиев ишти бир мүнөткө дагы токтотууга болбой турганын билдирди.

"Бул заводдо жарык өчүп калуу деген болбойт. Бизге жарык берген станциялардын биринде авария болсо, дароо экинчи станция электр энергиясы менен камсыздайт. Анткени бизде иш токтоп калды деп башкалар күтүп турбайт да", — деди Сейдалиев.

Суу бардык алты этап боюнча тазалангандан кийин коопсуз болуп калат. Суу алгач ири таштандыдан арылтылып, кум-таштан тазаланат. Андан кийин суу тундурулат. Ал жай видеодо ири бассейндерге окшош көрүнөт.

Бир нече сааттын ичинде абага тараган майда бөлүкчөлөр тунуп, тазаланат. Андан кийин суюктук кайра тундурулуп, хлор менен тазаланат. Ушундан кийин гана атайын канал аркылуу таптаза болгон суу Чу дарыясына барып кошулат.

Аталган процесстин жүрүшү тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0