Суткасына 10 тонна томат пастасын чыгарган орнотмо. Чериковдун ойлоп табуулары

Жазылуу
Кыргызстанда жыл сайын ар кыл тармактарга тиешелүү болгон 100дөн ашык ойлоп табууга патент берилет. Өткөн жылы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы 118 жаңычылдыктар каттаган. Sputnik Кыргызстан кыялдарын ишке ашырган инсандардын эмгектери жөнүндө баяндоосун улантат.

Көмүрдүн табын 50 пайызга күчөткөн жабдуу. Арстанбек Асановдун ойлоп табуулары - Sputnik Кыргызстан
Көмүрдүн табын 50 пайызга күчөткөн жабдуу. Арстанбек Асановдун ойлоп табуулары
Сатыбалды Чериков 20 ойлоп табууну иштеп чыккан. Анын эмгектеринин басымдуу бөлүгү айыл-чарба тармагына тиешелүү болуп, өлкө аймагында дыйкандар тарабынан суроо-талап менен колдонулууда.

Алсак, техника илимдеринин кандидаты үрөн тазалоочу, кант заводунун калдыктарынан курулуш материалдарына керектүү заттарды жана минералдык калдыктардан жер семирткичтерди алуу ыкмасын пайдаланууга берген. Ойлоп табуучу ошондой эле патенттин негизинде учурда томат пастасын чыгарган ишкананы өндүрүшкө киргизди. Ишкана 20дай адамды жумуш менен камсыз кылып, суткасына 10 тонна даяр продукцияны чыгарат.

Андан сырткары окумуштуу учурда Чүй облусунда таштандыны кайра иштеткен чакан ишкана ачуу аракеттерин көрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0