Көчкү алдында калган Валиев: унаада аба жетпей, өзүмдү жогото баштагам

Жазылуу
Бүгүн түнү Бишкек — Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, бир нече унааны басып калган. №23 жол тейлөө кызматына тиешелүү Toyota Hilux Pick Up унаасындагы төрт адам каза болду. Ал эми Lexus менен Subaru Lagacy унааларындагы адамдар аман калышкан.

Subaru Lagacy автосунун ээси Азирет Валиев жубайы жана иниси менен Бишкектен Ошту көздөй баратып, капыстан көчкү алдында калганын билдирди.

"Жолдо 7-8 унаа катар тизилип баратканбыз. Бир маалда аялымдын кыйкырганын уктум. Анан эле үстүбүзгө кар тарс этип түшүп калды. Унаа ичинде төрт саатка чейин жакшы эле чыдап отурдук, тамак-аш, суу бар болчу. Кийин аба жетпей эки сааттай кыйналдык", — деди Валиев.

Чаткалдагы жаган калын кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аймактардагы кардын калыңдыгы эки карыштан эки метрге чейин болууда
Анын айтымында, дем жетпей унаа ичиндегилер өздөрүн жогото баштаган.

"Акыркы сааттарда абанын жоктугунан үнүм чыкпай, өзүмдү жогото баштадым. Ошондо өлөт окшойбуз деп ойлодум. Бирок бир маалда унаанын айнеги сынып, сырттан жарык көрүнө баштады. Күчүмдү топтоп, тешикке эптеп жетип араң үн чыгардым. Куткаруучулар жардамга келип чыгарып кетишти", — деди Валиев.

Ал ошондой эле куткаруучуларга ыраазычылыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0