Көмүрдүн табын 50 пайызга күчөткөн жабдуу. Арстанбек Асановдун ойлоп табуулары

Жазылуу
Кыргызстанда жыл сайын ар кыл тармактарга тиешелүү болгон 100дөн ашык ойлоп табууга патент берилет. Өткөн жылы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы 118 жаңычылдыктар каттаган. Sputnik Кыргызстан кыялдарын иш жүзүнө ашырган инсандардын эмгектери жөнүндө баяндоосун улантат.

Медицина жана ойлоп табуучулук. Сабыр Жумабековдун операциясы - Sputnik Кыргызстан
Медицина жана ойлоп табуучулук. Сабыр Жумабековдун операциясы
Арстанбек Асанов 50гө жакын ойлоп табуунун автору. Анын эмгегинин басымдуу бөлүгү металлургия, энергетика жана курулуш тармактарында колдонулат. Алсак, көмүрдүн күкүмдөрүнөн брикет чыгарган жана аны күлдөн арылткан же колдонулган майлоочу майларды тазалаган тетиктер бар. Андан сырткары, көмүрдүн табын 50 пайызга чейин жогорулаткан жабдуу иштелип чыккан.

Техника илимдеринин докторунун жаңычылдыктары Кыргызстанда гана эмес, коңшу өлкөлөрдө да пайдаланылууда. Мисалга, Асановдун патенттеринин негизинде ишке кирген көмүр брикеттерин чыгарган ишкана азыркы маалда Казакстанда өндүрүшкө киргизилген.

Ошондой эле ал көп жылдан бери Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде эмгектенип, кафедра башчысы болуп иштейт. Автор илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп, шакирттери менен жаңы техника үстүндө иштерин улантууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0