Бишкекте мыйзамсыз курулган объект ээлерине 20 миң сомго чейин айып салынат

Жазылуу
Ушул жылдын январь айынан тарта мэрия "курулуш мафиясына" согуш жарыялап, мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүү, алып салуу боюнча атайын штаб түзгөн.

Мэриянын Жер иштетүү жана курулуш башкармалыгынын жетекчиси Талант Иманакун уулу Sputnik Кыргызстан мультимедиалык борборунда аталган штабдын иши тууралуу айтып берди.

"6-январдан тарта калаада мыйзамсыз тургузулган 117 павильон, 779 жарнамалык конструкция жана капиталдык курулуштун 14 объектиси болуп 910 объект алып салынган. Алардын ичинде дүкөн, кафе жана дарбазалар дагы бар. Өзүм билемдик менен курган объект ээлерине беш миң сомдон 20 миң сомго чейин айып салынат", — деди Иманакун уулу.

Белгилүү болгондой, алып салынган мыйзамсыз курулуштардын иши милицияга же прокуротурага өткөрүп берилет.

Бишкек шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулган объектилерди текшерүү жана бөгөт коюучу ыкчам штаб ушул жылдын башында түзүлгөн. Эки ай аралыгында штаб мыйзамсыз курулган бир топ капиталдык курулуштарды түрттүрүп салган

Жаңылыктар түрмөгү
0