13:18 29 Жалган Куран 2017
Түз эфир
Видео

Соцэксперимент: ооруканага жете албай жаткан кызды таксисттер бекер алып барабы?

Кыскача шилтеме алуу
Бишкектеги социалдык эксперимент (19)
155860
(3:19 / 24.13Mb / )
© Sputnik / Эмиль Садыров , Сергей Аладьев, Максат Элебесов

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары Бишкек шаарында оорудан эки бүктөлгөн адамды такси кызматкерлерине бекер ооруканага чейин жеткирип коюуну суранып кайрылышат. Бул учурда айрым таксисттер дароо макул болсо, кээ бири ар кайсы шылтоону айтып, жеткирип коюудан баш тартышкан.

Эксперименттин каарманы Таалайгүл Усенбаеванын "чыдатпай ичи ооруп", ага Максат Элебесов жардам берип такси тосо баштайт. Токтоткон таксисттердин айрымдары кардары бар экендигине карабай токтоп берсе, айрымдары жөн гана өтүп кетип жатышты.

"Биз экспериментибизде жалпы 10дой таксистке кайрылып, токтотуп жаттык. Анын ичинен жетөө бекер жеткирип коюуга макулдугун берсе, үчөө "күйүүчү майым түгөнүп калды" деген сыяктуу шылтоону айтып отуруп алышты. Бул адамдар "биздин акчабыз жок" деген сөздү укканда дароо баш тартышканы мени таң калтырды", — деди Усенбаева.

Ал ошондой эле жардам берген таксисттердин көпчүлүгү жашы өтүп калган адамдар экенин айтып, аларга ыраазы болгонун кошумчалады.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин башка социалдык эксперименттерин редакциянын даярдаган материалдарынан көрсөңүз болот>>

Тема:
Бишкектеги социалдык эксперимент (19)

Тема боюнча

Абийир жана баалуу телефон — соцэксперимент шаар тургундарынын ыйманын текшерди
Чет элдик жаранды бишкектик таксисттер алдайбы — социалдык эксперимент
Белгилер:
социалдык эксперимент, оору, такси, жардам

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ