Аксы каргашасына 15 жыл. Боспиекте окко учкандарга куран түшүрүлдү

Жазылуу
Аксы окуясын эскерүү үчүн окуя болгон жерге премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, президент аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков баштаган бийлик өкүлдөрү барышты.

Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монумент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иштерман, үзүлгөн үмүт жана уютку. Аксы окуясы 9 жашар баланын көзү менен
Боспиекте 15 жыл мурун болуп өткөн Аксы окуясы эскерилип, шейит кеткендерге куран окулду. Аталган аймакка барган өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен президент аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков элге кайрылуу жасап, каргашалуу окуянын маанисине токтолушту.

Ал эми активист Нуразиз Шайырбек уулу Аксы окуясын эскерүү үчүн депутаттар Каныбек Иманалиев, Алмамбет Шыкмаматов, экс-депуттар Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбековдор баргандыгын айтып, каргашалуу окуя болгон Боспиек айылына 400гө чукул адам чогулгандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2002-жылы Аксыда нааразылык акциялар өтүп, алты адам каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0