Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Аңчылыкка тыюу салуу. Түшкөн акча кайда кетти?

Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттары жапайы жаныбарларды атууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп жатат.

Ага ылайык, аңчылыкка 2025-жылга чейин мораторий киргизүү сунушталган. Депутат Жанар Акаев мыйзам долбоору биринчи окуудан комитеттен өткөнүн айтып, эми добуш берүүгө жиберилерин кошумчалады.

Эл өкүлү ошондой эле чет элдиктерге жапайы жаныбарларды аттыруудан канча каражат түшөрүнө дагы токтолуп, ал акчалар кайда жумшалары тууралуу айтты.

"Расмий документтерге таянсак чет элдик аңчыларга жапайы жаныбарларды аттыруудан былтыр 52 миллион сом түшүптүр. Анын 13 миллиону жергиликтүү бюджетке, аңчылык департаментине 18 миллион жана аңчылыкты пайдалануучу чарбаларга 20 миллион сом түшкөн. Ошол эле учурда бул каражаттар туура бөлүштүрүлөт дегенде да чоң суроо бар. Бул чарбалар жапайы жаныбарларга чындап эле кам көрүп жатканына ишенүү кыйын", — деди ал.

Акаев ошондой эле бул каражаттар адилеттүү иштетилсе, ал кантип коротулуп жатканын эч коркпостон жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо керектигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0