Гемодиализдеги балдар, "бөйрөгүмдү берем" деп карайлаган ата-эне...

Жазылуу
Өлкөнүн гемодиализ тапшырган жайларына барсаң, кезекте тургандардын арасынан балдарды да кездештирүүгө болот. Алар гемодиализден кийин алы кетип каларын билип, тамактанып курсагын тойгузуп алат да көнүп калган процедурасын алышат.

Балдардын айрымдарынын эки бөйрөгү тең жарабай калса, кээ биринин бир бөйрөгү соолуп, аны алмаштырууга муктаж болгондор. Балдардын ата-энелери чырылдап балдарына донор болууга камынып, аларды аман алып калуу үчүн болгон күчүн жумшап, акча чогултуп жүрүшөт.

Балдары үчүн жан үрөгөн ата-энелердин айрымдары менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары баарлашып, алардын арыз-арманын, муктаждыгын угуп келди.

Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну Үсөнаалы Шаршеев бир жылдан бери 16 жаштагы баласынын бөйрөк оорусу менен алышып келет. Уулу Айкөл былтыркы жылдын апрель айында кокусунан бөйрөк оорусуна кабылып, дарыгерлер анын эки бөйрөгүнүн тең жарабай калганын айтышкан. Баласынын өмүрүн сактап калууга ашыккан ата учурда ага өзү донор болуунун аракет көрүп жатат.

"Балам азыр 10-класста окуйт. Ушул күнгө чейин бөйрөгү деле ооруганын билчү эмеспиз. Өткөн жылдын апрель айында бир күнү мончого түшүп келип эле төшөктөн турбай калды. Кочкордун ооруканасына алып барсак, биздин алыбыз келбейт, шаарга алып баргыла деди. Шаарга алып келсек, эки бөйрөгү тең жарабай калганын айтышты. Ошондон бери дарыланып, учурда гемодиализге келип жатабыз. Балам үйдүн улуусу, мындан кийин беш кызым бар. Балама өзүм донор болуп бөйрөгүмдү берейин деп жатам. Бирок азыр анализ тапшыра элекмин, каныбыз туура келип, акча каражат топтосок эле операция жасатабыз", — деди Шаршеев.

Айкөлгө окшоп гемодиализге муктаж болгондордун арасында Садыр кызы Адинай дагы бар. Апасы Гүлнара Устаеванын айтымында, анын учурда бир бөйрөгү соолуп, оору экинчи бөйрөгүнө өтүп бара жатыптыр. Кызынын өмүрү үчүн күрөшкөн эне бүгүнкү күндө операциясына акчанын теңи чогулуп калганын айтып, өзү донор болуп, бир бөйрөгүн берүүгө камынып жаткан кези.

Уулуна бөйрөгүн берем деген эне базарда тилемчи болууга аргасыз - Sputnik Кыргызстан
Уулуна бөйрөгүн берем деген эне базарда тилемчи болууга аргасыз
"Өзүм алты баланын энесимин. Бир уул, беш кызым бар. Кызым кичинесинен эле ооруп жүрөт. Убагында акча-тыйындын тартыштыгынан кээ бир дарыларын алып бербей жатып, өтүшүп кетти окшойт. Улам-улам температурасы көтөрүлүп жаткандыктан учурда ооруканада жатып дарыланып, анан гемодиализге келип жатабыз. Бирок кызым кыйналып кеткендиктен тезирээк операция жасаталы деп ар түрдүү марафон өткөрүп, туугандардын жардамы менен акчанын теңин чогулттук. Түркияга барып операция жасатыш үчүн 40 миң доллардай акча кетсе, Казакстандагы клиникаларда андан азыраак сарпталат экен", — деди Адинайдын апасы.

Нефрологдордун айтымында, Кыргызстанда бөйрөк алмаштырган кесипкөй адистердин жоктугунан бейтаптар Түркия, Казакстан өлкөлөрүнө барып операция жасатууга аргасыз. Түркияда операцияга дары-дармек жол кирени кошкондо орто эсеп менен 40 миң доллардай акча сарпталса, Казакстандын жеке клиникаларында операцияга жок дегенде 20 доллар керектелет.

Бөйрөк оорусу боюнча толук материалды Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0