09:51 26 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD69.0754
  • EUR81.2361
  • RUB1.0494
Видео

Ош: кыргыздын үйүнөн түнөк тапкан Лаглан айылындагы жалгыз орус Миша ава

Кыскача шилтеме алуу
Зульфия Тургунова
194540
© Видео / Зульфия Тургунова

Михаил Кириллов 65 жашта. Учурда Кара-Суу районундагы Мады айыл өкмөтүнө караштуу Лаглан айылынын жашоочусу Рахманали Кеңешовдун үй бүлөсү менен чогуу жашайт.

Михаил Кириллов 1959-жылы беш жашка толгондо ата-энеси менен Чуваш ССРнин Орск шаарынан Кыргызстандын Ош шаарына көчүп келген. Кийин Фарида аттуу кызга үйлөнүп Владимир жана Элмира аттуу эки перзенттүү болгон.

"Тилекке каршы, жубайым экөөбүз ажырашып кеттик. Балдарым чоңойгондо Россияга кетип калышты. Мен Кыргызстанда калууну чечип Кара-Суу районунун Лаглан айылын байырлап калдым. Балам Владимир Волгоград облусунда жашайт. Так дарегин билбейм. Ал мени каза болуп калган деп ойлоп жүрсө керек", — деди пенсионер.

Каарман Лаглан айылындагы кароосуз калган тамда жалгыз жашап, тамак-аштан кыйналып жүргөн маалда айылдын тургуну Рахманали Кеңешов аны өз үйүнө киргизип багып алган. Эми ага эки бөлмөлүү өзүнчө үй салып берип жатат.

"Михаил ичинде кири жок абдан жакшы адам. Неберелеримди ойнотуп, аларды абдан жакшы көрөт. Неберелерим дагы "Миша ава" деп көнүп алышкан. Үч жыл мурда документтерин чогултуп пенсияга чыгарып койдум. Орус улутундагылар өзүнчө жашаганды жактыргандыктан, ага там салып берүүнү чечкем. Буюрса бүтүп калды. Жакынкы күндөрдө тааныштарыбызды чакырып чай берип, Михаилди өз үйүнө көчүрүп коебуз деп турабыз", — деди Кеңешов.

Анын айтымында, Михаил абдан эмгекчил адам. Жөн жатпастан короо иштерине кол кабыш этип турат.

"Күн сайын тооктордун жумурткасын алып "мынча жумуртка болду" деп айта бермейи бар. Менден 10 жашка улуу, бирок өз уулумдай көрөм. Тамак-аш, кийим-кечеден кем кылбайм. Короо иштерине жардам берет. Оор жумуштарды жасаттырбайм", — деди Кеңешов.

Ал ошондой эле Михаилге тең жар чыкса аны үйлөп коюну пландап жатканын кошумчалады.

Тема боюнча

Памир кыргыздары: 198 адам медициналык кароодон өтүп, 11и ооруканага жөнөтүлдү
Белгилер:
үй, турак-жай, Кара-Суу району
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ