Астанада мигранттардын балдарына кыргыз тилин үйрөткөн Дүйшөн

Жазылуу
Астанада 15 жылдан бери жашаган 67 жаштагы Дүйшөн Шаршенов жуманын жекшемби күндөрү Кыргызстандан барган мигранттардын балдарына эне тилин окутуп келет.

Шаршенов 2006-жылы Кыргызстандан Астанага көчүп келип, бир катар билим берүү мекемелеринде мугалим болуп эмгектенген. Өткөн жылдан тарта "Кыргызстан — Астана" улуттук маданий бирикмесинин "Жекшемби мектебинде" кыргыз мигранттардын балдарына кыргызча үйрөтө баштады.

"Астанада 15 жылдан бери иштейм. Шаарда 80ден ашык мектеп бар. Гали Орманов атындагы №7 мектеп-гимназиясын тандап алганыбыздын себеби базарга жакын. Анткени соода-сатык тармагында иштеген кыргыз мигранттары дал ушул мектептин тегерегинде жашайт. Аталган мектепте 300дөн ашык кыргыз балдар окушат", — деди ал.

Юрист, занимающийся иммиграционным правом в США Манас Муратбеков - Sputnik Кыргызстан
АКШдагы кыргыз адвокаты Манас: мекендештерди менчелик башка адвокат түшүнө албайт
2012-жылы пенсияга чыгып окутуучулукту уланткан Шаршенов өзү физика мугалими болсо да, кыргыз тилин үйрөтүү кыйынчылык жаратпаганын айтат.

Ал эми жогорудагы мектепте окуган жүздөгөн кыргыз балдардын ичинен туруктуу жашаган 30га чукул бала жекшемби мектебине тандалып алынганын белгиледи.

Жекшемби мектебинде кыргыз тилинен сырткары Манас таануу, кыргыз бийи, улуттук музыкалык аспаптар, кол өнөрчүлүк ийримдери да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0