Милиция Шыкмаматовдун тарапташтарын УКМКнын кире беришинен түртүп чыгарды

Жазылуу
Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов ага карата козголгон кылмыш ишинен улам Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде он саатка созулган сурак берди.

Башкы прокуратура депутат Алмамбет Шыкмаматовго карата Эсеп палатасында аудитор болуп иштеп турганда мыйзам бузган деп иш козгогон. Эл өкүлү менен чогуу Эсеп палатасынын кызмат адамдарына "коррупция" жана "документтерди жасалмалоо" беренелеринин негизинде айып тагылууда.

Ата-Мекен фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Алмамбет Шыкмаматов: эч жакка качпай, адвокат жалдайм
Шыкмаматов мамлекеттик комитетке эртең менен саат 10.00дө чакырылган. Анын тарапташтары сурак бүткөнгө чейин кетпей турушту. Видеодо көрсөтүлүп тургандай, милиция кызматкерлери менен пикетке чыккандардын ортосунда ызы-чуу чыгып, тартип сакчылар элди УКМКнын кире беришинен түртүп чыгарган. 20:00гө чукул Шыкмаматов УКМК имаратынан чыгып, эл да тарап кетти.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаттары экинчи жолу суракка чакырылып жатат. 26-декабрда Башкы прокуратура Аида Саляновага карата Юстиция министри болуп турган кезде Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып калыбына келтирип берген деп кылмыш ишин козгогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0