Шал болуп ооруган бөбөктүн апасы Ширин: балам баспаса да мойнун токтотуп калса экен

Жазылуу
Беш жашка чыгып калган Умардын тубаса шал оорусу менен жабыркайт деген диагнозун уккан ата-эне Балыкчы шаарынан Бишкекке көчүп келишкен. Учурда алар баласын Түркиядан дарылатууга каражат топтоодо.

Үч баланын энеси 27 жаштагы Ширин Сыргакова тубаса шал оорусуна чалдыккан төрт жарым жашар уулун дарылатуу үчүн кол өнөрчүлүк менен каражат топтоп жаткан кези.

Жолдошу экөө оорукчан баласы төрөлгөндө эле Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан көчүп келишкен. Учурда борбор калаада батирде турушат.

"Экинчи уулумду төрөгөндө ага бир жылдан кийин ДЦП деген диагноз коюшту. Болгондо да ал оорунун оор түрү экен. Бутуна турмак түгүл беш жашка чыгып калды, мойну токтой элек. Андан бери ар кайсы ооруканага барып, азыркыга чейин дарыланып келебиз. Бирок эненин үмүтү үзүлбөйт экен, Түркияда бир тааныш чыгып калып, бутун бастырбаса да мойнун токтотууга мүмкүнчүлүк бар дегенинен баламдын сүрөттөрүн, видеосун жөнөткөм. "Аракет кылып көрөлү, келгиле" дептир. Дарыланууга жалпысынан 150 миң сом акча кетет экен. Жолдошумдун тапканы батир менен тамак-аштан ашпагандыктан мен үйдө отуруп жүн байпак, топу түйүп сатып, уулубуздун дарылануусуна акча топтой баштадык. Байпактардын баасы 400 сомдон, топулар 600-700 сомго чейин жетет", — деди Ширин.

Үч эмдин энеси: жалгыз бой болуп, батирде жашасам да балдарым жанымда - Sputnik Кыргызстан
Үч эмдин энеси: жалгыз бой болуп, батирде жашасам да балдарым жанымда
Шириндин оорукчан уулунан тышкары 6 жашар кызы жана бир жаштан жаңы ашкан уулу бар. Алардын ден-соолуктары жакшы.

"Баламдын оорусуна байланыштуу бул жакка көчүп келгенибизге төрт жылдан ашты. Азыр кызыбыз бул жакта мектепте окуйт. Мен Умарды ооруканага алып кеткенде кичинекей уулубузду эжелери келип карашат. Анын Кыргызстанда бир айлык дарылануусуна 20 миң сомдун тегерегинде акча кетет. Мындан сырткары, үйдөн дары-дармек ичет, массажга алып барам, витаминдерди алып берем. Түркияга февраль айында келсеңер жакшы болот деген, ага жетишпесек мартта барабыз деп аракет кылып жатабыз", — деди Умардын апасы.

Учурда Ширин уулуна отурганга ылайыктуу атайын жасалган коляска алууга аракет кылып жатканын да кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0