Тайырбек Сарпашев мындан аркы кадамы кандай болорун айтып берди

Жазылуу
Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевди Максим Бакиевдин ишенимдүү адамы Ульяна Пакка тиешелүү кыймылсыз мүлктү камактан чыгарууга буйрук берген деп айыптап, аны кызмат ордунан алуу боюнча өкмөт башчыга сунуш жөнөткөн.

Сарпашев ага коюлган айыптардын бардыгын четке кагып, Каттоо кызматы өз милдеттерин мыйзамдын чегинде аткарганын кошумчалады.

Здание Генеральной прокуратуры Кыргызской Республики. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик каттоо кызматы башкы прокуратурага жооп берди
"Скрябин көчөсүндө жайгашкан кыймылсыз мүлктүн айланасындагы ызы-чуу боюнча төмөндөгүлөрдү билдирем. Биринчиден, Мамлекеттик каттоо кызматы бул каттоочу орган. Ал өз милдеттерин мыйзам чегинде аткарды. Биз соттордун чечимин гана аткардык. Мени Бишкек шаардык каттоо кызматына жазган катым боюнча күнөөлөп жатышат. Мен 2014-жылы 25-июндагы райондор аралык соттун чечимин аткарууга жата турганы боюнча Бишкек шаардык каттоо кызматына кат жөнөткөм. Бул кат болгону сунуш түрүндө гана болгон", — деди ал.

Сарпашев райондор аралык сотунун 2014-жылы 25-июндагы чечиминде аталган даректеги мүлктү камактан чыгаруу жана 2007-жылы түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу боюнча чечим чыкканын айтты. Ал ошондой эле мамлекеттик каттоо кызматы текшерген учурда эч кандай арест коюлбаганын баса белгиледи.

"Биз 15-16-декабрда каттап жатабыз. Бирок бардык каттоо иштери аяктагандан кийин 28-декабрда гана эки жума өткөн соң соттон эки чечим келип жатат. Алар 27-декабарда чыккан Бишкек шаардык сотунун кассациялык арест коюу чечими жана 2-ноябрда чыккан соттун дагы бир чечими. Акыркысы  56 күн өткөндөн кийин бизге келип жатат", — деди Сарпашев.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы окуянын чоо-жайын толук карап чыгуу боюнча өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен башкы прокурор Индира Жолдубаеванын атына кат жөнөтө турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0