Агасын өлтүрдү деген жаран окуянын кандай болгонун айтып берди

Жазылуу
Учурда кылмыш иши боюнча күбөлөр суракка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жалал-Абаддын Ноокен районундагы Сакалды айылынын тургуну бир тууган агасын бычак менен сайып өлтүрүп алган.

Экс-кандидат в мэры Астрахани Олег Шейн госпитализирован с ножевыми ранениями - Sputnik Кыргызстан
Кочкордо бычак жеген окуучунун абалы оор
20-январь күнү саат 15:00 чамасында бир туугандар арак ичип отуруп, уруша кетип иниси бычак менен агасын сайып жибергенин Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Ал эми кылмышка шектелип жаткан 33 жаштагы тургун агасы анын колундагы бычакка жыгылып кетип, төшү менен сайылганын айтты.

Ноокен РИИБдин башчысы Нариман Өсөровдун айтымында, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Бычак далил буюм катары алынып, каза болгон 35 жаштагы жарандын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында сотттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда кылмыш иши боюнча күбөлөр суракка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0