Жоголгон мал жандыкты көрсөтүп турган Баткендеги күзгү таш

Жазылуу
Күзгү таштар күңгөй тарапта жайгашкандыктан күндүн чагылуусунан бир топ жери сынып калган.

Баткен районунун Достук айылындагы адырда Бабур хандын китебинде жазылган күзгү бар. Бул күзгү таштын бири Өзбекстандын Фергана облусунун карамагына өтүп калган. 

"Бабур хандын "Бабур наме" аттуу китебинде "Исфаранын жогору тарабындагы адырлардын арасында бир күзгү таш бар. Ал таштын узуну 10 метрден ашык, бою адамдын боюндай" деп жазып калтырган. Айтылып калган уламыштар боюнча бул күзгү таш кишинин жоготкон нерселерин, мисалы мал-жандыктарын көрсөтүп берген. Кээ бир маалыматтарда кийин бул күзгү ташты басмачы-уурулар бузуп, жоготкону айтылат", — деди тарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыров. 

Тарыхчылардын айтымында, күзгү таштар күңгөй тарапта жайгашкандыктан күндүн чагылуусунан бир топ жери сынып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0