07:08 23 Бугу 2017
Түз эфир
Видео

Тогуз-Тородогу телевизор тиктеп, ноутбуктан видео көргөн түлкү

Кыскача шилтеме алуу
4545154
(1:41 / 10.59Mb / )
© Видео / Чынгыз Абыкеев

Алиса деген атка конгон түлкү күнүгө бир маал үйгө келип кетмейди адат кылып алган.

Тогуз-Торо районунун Дөдөмөл айылында телемунарада иштегендердин үйүнө күнүгө түлкү келип терезесин такылдатып тамак ичип кетет экен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган мунарада электрмонтаждоочу болуп иштеген Чыңгыз Абыкеев баяндап берди. 

Анын айтымында, 10-15 күн мурун алар жашаган үйдүн терезесине бир түлкү келип такылдата баштаган. 

"Алгач терезеден түлкүгө өзүбүз жеген тамак-аштын калдыктарын берип койчубуз. Андан кийин үйгө чакырсак, келди. Киргизип тамак бере баштадык. Эки жумадай болуп калды, атын Алиса деп койгонбуз. Үйгө киргенден кийин тамак ичет, андан соң телевизор көрүп же ноутбуктагы видеолорду карап отурат. Анан бир маалда өзү эле кетип калат. Баамымда, ал бизге чейин иштегендер менен да "жакшы мамиледе" болсо керек", — деди Чыңгыз.

Телемунарада иштеп, бир үйдө жашаган балдар колго көнгөн түлкүнү атып же башка жакка өткөрбөй тургандыктарын айтышты. 

Тема боюнча

Ак-Талаа: 9 карышкыр тегеректеп келгенде мылтыгым от албай калды
Белгилер:
түлкү, телевизор, тамак-аш, Казарман

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ