Мэрликке кайрадан шайланган Ибраимов: коомдук транспорт көйгөйү чечилет

Жазылуу
Бишкек шаарынын мэрлигине кайтадан шайланган Албек Ибраимов жеңишинен кийин биринчи маалымат жыйын өткөрдү.

Ал шаардыктардын алдындагы милдети жогору экенин айтып, коомдук транспорт маселесин чечүүдө кандай аракеттерди көрө турганын айтты.

"Коомдук транспорт маселеси азыр эки багыт боюнча чечилип жатат. Алар троллейбус жана автобус сатып алуу. Бул бир айда же, үч айда чечиле турчу маселе эмес, аны өз маалы менен чечип келе жатабыз", — деди ал.

Албек Ибраимов өз сөзүндө азыркы күндө Бишкек шаарында каттамга чыккан маршруткалардын саны 2800 экенин баса белгиледи.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэрлигине шаардык кеңештеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан Нурдин Абдылдаев дагы талапкер катары көрсөтүлгөн.

Эгемендүүлүк алгандан берки Бишкектин мэрлерин төмөнкү сүрөт түрмөктөн көрсөңүз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0