Какаганга муштаган: үй-бүлөсүн эптеп баккан Жайлообектин экинчи көзү көрбөй калды

Жазылуу
26 жаштагы Жайлообек Талип уулу төрт айдан бери эки көзү тең көрбөй калып, үйдө отурат. Жубайы Бактыгүл да операция жолу менен төрөп, ымыркайы менен ооруканадан чыгып келгенине бир жума болду. Жаш үй-бүлө борбор калаанын жаңы конуштарынын биринде эки кичинекей баласы менен бир бөлмөлүү батирде турушат.

Буга чейин касапчы болуп иштеген Жайлообек Талип уулу төрт айдан бери ишке чыга албай үйдө отуруп калды. Буга анын экинчи көзү көрбөй калганы себеп болгон.

"Бишкекке 2002-жылы келип ошондон бери ушул жакта иштеп, оокат кылып жүрөм. Бир көзүм кичинемде эле көрбөй калган. Бирок ага карабай бир көзүм менен касапчы болуп иштеп үй-бүлөмдү багып, атургай бир туугандарыма да жардам берчүмүн. Акырындык менен экинчи көзүм да көрбөй калып иштегенге мүмкүн болбой калды", — деди Жайлообек.

Жаш үй-бүлө борбор калаанын жаңы конуштарынын биринде, муздак батирде күн кечирип келет. Экөө тең оокат кылып, бала карай албагандыктан учурда Жайлообектин таежеси аларга кол кабыш кылууда.

Уулуна бөйрөгүн берем деген эне базарда тилемчи болууга аргасыз - Sputnik Кыргызстан
Уулуна бөйрөгүн берем деген эне базарда тилемчи болууга аргасыз
"Жолдошумдун көзү көрбөй калгандан бери, кош бойлуу болгонума карабай кафелердин биринде төрөгүчө идиш-аяк жууп иштедим. Экинчи кызымды операция жолу менен 10 күн мурун төрөдүм. Азыр кичинеден тыңып келе жатабыз. Жайлообектин таежеси келип жардам берип, кирлерибизди жууп, тамак-ашыбызды бышырып берип жатат. Кызыбыздын абалы жакшы. Болгону жолдошум ымыркайынын жүзүн көрө албай калды. Дарыгерлер чет өлкөгө барып операция жасатса көрүп кетүү мүмкүнчүлүгү бар деп жатышат. Бирок бизде ага жетерлик акча каражаты жок болуп жатат", — деди Жайлообектин жубайы.

Ал эми Жайлообектин апасы уулунун көзүнө операция жасатуу үчүн акча чогултуу максатында Казакстанга иштегени кеткен.

Дарыгерлер чет жерде операция жасатуу үчүн 600 миң сомдон ашуун каражат сарпталарын билдиришкен. Бирок бул үй-бүлөнүн операция эмес, батирге акча төлөөгө шарттары жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0