"Ала-Тоо": салют, балаты, эл. Видеону ары-бери жылдырып, каалагандай кылып көрүңүз

Жазылуу
Аянттын үстүнөн каалгый тартылган видео майрамдык маанайды, балатыны, ал тургай жомоктогудай салютту кичинекей бөлүкчөсүнө чейин көрсөтүп берет. Ал үчүн монитордогу видоеону компьютердик "мышь" менен ары-бери жылдырып, капталынан, үстүнөн, маңдайынан көрсөңүз болот.

2016-жылдын 31-декабрында "Ала-Тоо" аянтында шаардыктар менен конокторго жаңы жылдык программа тартууланды. Ал эми саат 00.00дө сегиз мүнөткө созулган жаңы жылдык салют атылды.

Борбор калаанын Ала-Тоо аянтында атылган майрамдык салюттун асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында атылган майрамдык салюттун асмандан көрүнүшү
Бул жомокту көрүүгө бир топ адамдар келип, ышкырып, кол булгалап, кол чаап турушту.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы 360 градуста көрсөтө турган заманбап техникалары менен "куралданып" алып, жаңы жылдык маанайды тартып келди.

Кыргызда "эт жебесем да, шорпо ичкендей болуп калдым" деген сөз бар эмеспи, андыктан, "Ала-Тоо" аянтындагы салютту жеринде көрбөсөңүз, бул жерден көздөн кечирсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0