Жашылча-жемиштерди табакка эмес, өнөргө салабыз. Карвинг адисинин кеңеши

Жазылуу
Дасторкондогу тамакты даамдуу гана кылып даярдабастан, көз жоосун алгыдай кооз көрсөтүү ар бир кожойкенин максаты. Жашылча-жемиштер боюнча карвинг искусствосу өтө чоң чеберчиликти талап кылат. Ошентсе да сиздердин дасторконго карвингдин жөнөкөй бир нече түрүн сунуштайбыз.

Карвинг боюнча адис Алмаз Жолдубаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине жашылча-жемиштен корозду, жөжөнү жана ак кууну жасап берди. Аларды жасоого 1 ананас, 2 кызыл алма, түстүү болгар калемпирлери, бышырылган жумуртка жана көздөрдү жасоо үчүн гвоздиканын уруктары керектелди. 

Адистин айтымында, жашылча-жемишти кесүүдө бычактын түрдүү формада болгону жакшы.

"Биз карвинг үчүн атайын бычактарды колдонобуз. Ал эми үй шартында учтуу, мизи курч бычактарды колдонсо болот", — деди ал.

Бул чеберчилик көп деле убакытты талап кылбайт. Корозду 15 мүнөттө, жөжө менен ак кууну 8-10 мүнөттө жасасаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0